Бишкекте ит тиштеген окуучуларга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды

Бишкекте ит тиштеген окуучуларга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына маалымдашты.

"Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Акылбеков көчөсүндө кошунасынын ити эки жаш баланы тиштеп алганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Свердлов РИИБине катталып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Окуянын чоо-жайы кийинчерээк айтылат", - деди ал.

Эскерте кетсек, 3-декабрда Бишкектеги көчөлөрдүн биринен 1-класстын жана 6-класстын окуучусуна эки питбул породасындагы ит кол салган. Балдар азыр ооруканада. Биринин абалы жакшы, ал эми 1-класстын окуучусу катуу жаракат алып, денесинин кээ бир жерлеринин булчуңдары үзүлүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Datka7777
2021-12-06 18:01:51
Иттерди эмес ит баккан итти атыш керек! Мени да 9-классымда мектептин директорунун ити бутумдун булчунун узо тиштеп он кун больницада жаткам. Дары дармек да алып берген эмес, абалым сурап больницага да барган эмес!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан