Бишкекте адам тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматта айтылгандай, 9-декабрда Ш.А. аттуу жаран белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда 9-декабрда саат 04:00 чамасында Кара-Жыгач конушунун Исакеев көчөсүнөн күч колдонуу менен ачык түрдө Редми үлгүсүндөгү 15 миң сомдук телефонун жана 1 миң 200 сом өлчөмүндөгү накталай акчасын алып кеткенин маалымдаган.
Аталган факты Октябрь РИИБине каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин "каракчылык" негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Октябр РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагынан кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан тышкары, кылмышка шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.