Кыргыз футболдук союзу улуттук курама командадагы эң тез киргизилген голдордун тизмесин жарыялады.
Тизменин сап башын 2013-жылы улуттук курамага чакырылып, 2015-жылга чейин "Ак шумкарлардын" катарында ойногон Девид Тетте ээлеген. Ал Пакистан менен болгон беттеште 27 секунддун ичинде гол киргизген.
27 секунд:
Улуттук курама команданын эң тез голун чабуулчу Дэвид Тетте киргизген. 2013-жылы Бишкекте Чакырык Кубогунун тандоо турунун алкагында Кыргыз өлкөсү – Пакистан беттешинде Тетте атаандаштарынын дарбазасына 27 секундда гол киргизген. Бул гол жеңиш алып келген.
97 секунд: Кыргыз өлкөсү – Индия:
2018-жылдын 27-мартында Бишкекте Кыргыз өлкөсү менен Индиянын тандоо турунун оюнунда Антон Землянухин беттештин 97-секундасында айырмаланган. Бул жеңиштен кийин Улуттук курама команда Азия Кубогунун финалдык баскычына чыккан.
102 секунд: Кыргыз өлкөсү – Мьянма:
2018 -жылдын 22-мартында Азия Кубогунун тандоо турунун оюнунда Ислам Шамшиев беттештин 102-секундасында айырмаланган. Мыкты комбинация алыстан узатылган таамай сокку менен улантылган.
Эскерте кетсек, быйыл, 2021-жылы Кыргыз футболуна 100 жыл болду.