Жаан-чачын жаабайт. 25-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

25-декабрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-декабрь күнү республиканын тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Кээ бир райондордо туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда күндүзү +7...+12

Талас облусунда күндүзү +6...+11,

Ош облусунда күндүзү +9...+14

Жалал-Абад облусунда күндүзү +9...+14

Баткен облусунда күндүзү +9...+14

Ысык-Көл өрөөнүндө күндүзү +3...+8

Нарын болусунда күндүзү -2…-7 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкекте +9...+11 жана Ош шаарында күндүзү +10...+12 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан