Саат 11:00гө карата Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Түн тынч өтүп, чыр-чатак катталган жок. Баткен облусунун Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. УКМКнын Чек ара кызматы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат", - деп жазылат маалыматта.