Бүгүн, 10-январда Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунун Кербез көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда жеңил унаа жаранды басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1985-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унааны оңдоп жаткан учурда домкраты бузулуп басып калган. Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткирилген.
Учурда анын абалы орто.