Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабынан мыйзамсыз берилген, баасы 504 миллион 955 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтыралды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Башкы прокуратура билдирди.
Маалым болгондой, 4,3 гектар жер тилкеси Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлдү.
Аныктоо иштери Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлдү.