ЖЫЛНААМА, 17-январь: Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев тирүү болгондо 44 жашка чыкмак

Мактагысы келген адамын чегине жеткире көкөлөтүп, сындыргысы келген адамды эки ооз сөз менен өз ордуна коюп койгон, төкмө акындардын төрөсү болгон акын, обончу Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда туулган.

Кичине кезинен тартып кээде жаттап, кээде оюнан чыгарып манас айткан Элмирбек Иманалиевдин төкмөлүк өнөргө болгон кызыгуусу мектеп жашынан эле башталган. Алгач 6-класста окуп жүргөн кезинде колуна комуз алып калың элдин алдына чыккан. Акындын бул жоругу төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, улуу акын жаш талантты борборго алдырган.

Акындын белгилүү "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы" деген ырларын билбеген адам болбосо керек. Мындан сырткары төкмө акын прозалык чыгармаларды жазып, дастан, санат ырларын аткарып келет.

Ак таңдай акын, комузчу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында 2020-жылдын 20-апрелинде мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Калың журтка төкмө акын, обончу катары таанылган Элмирбек Иманалиев поэзия жаатында да өзгөчө ырларды жаратып кеткен. Акындын ырларын Поэтерапия рубрикасынан шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз.

Акындын бир тууган эжеси Нурайым Иманалиеванын инисин эскерген маегин бул видеодон көрүңүз.

Элмирбек Иманалиевдин өмүр баянын, маектерин, ырларын бул шилтемеден окуңуз.

Ак таңдай акындын сүрөттөр топтомун Фотоальбом рубрикасынан көрө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан