Бир сутка ичинде республиканын медициналык жайларында COVID-19 жана пневмония илдетинен сакайып, үйлөрүнө 486 адам чыгарылды. Муну менен өлкө боюнча оорудан жабыркап, андан айыккандардын жалпы саны
182 миң 928ди түзгөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Ал эми бүгүнкү күндө стационардык дарыланууда жалпы 1 миң 162 бейтап, амбулатордук дарыланууда 6 миң 959 бейтап бар.
Стационарда дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен:
* 2 адамдын абалы канааттандырарлык;
* 701 бейтаптын абалы орто оордукта;
* 399 адам оор абалда;
* 60 бейтап өтө оор абалда жатат.