Бүгүн, 21-ноябрда парламенттеги “Ата Журт” фракциясы кезексиз жыйын өткөрүп, анда депутат Ахматбек Келдибековдун кармалып, СИЗОго камалышы талкууланды. Жыйынтыгында Келдибековдун кармалышынын мыйзамдуулугун иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү чечимине келишти. Бул сунуш Жогорку Кеңештин төрагасына сунушталат.