“Кыргызгаз”: Быйыл 31-декабрга чейин өлкөгө газ үзгүлтүксүз берилет

Кыргызстанга быйыл 31-декабрга чейин жаратылыш газы үзгүлтүксүз берилет. Муну бүгүн, 21-ноябрда парламент жыйынында “Кыргызгаз” ишканасынын башчысы Тургунбек Кулмурзаев айтты. Ал Казакстан менен Өзбекстандан газ алуу мурункудай тартипте улана турганын айтты. “Кийинки жылга газ алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Кийинки жылы газдын баасы кандай болот айта албайм, бирок жаңы келишим түзүлөт. Учурда миң метр куб газды Өзбекстандан 292, Казакстандан 224 доллардан сатып алуудабыз”,- деди Кулмурзаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан