Бүгүн, 10-февралда министрлер кабинетинин колдоосу астында Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги, Энергетика министрлиги менен биргеликте “Кыргыз өлкөсүнүн туруктуу энергетикага өтүүсү, тоскоолдуктар жана чечүү жолдору” аталышындагы улуттук форум болуп өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев, инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов, БУУнун системасынын туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело жана башка тиешелүү өкүлдөр катышты.
Форумда энергиянын ишенимдүү булактарына жетүүнү камсыздоо жана энергетикалык сектордун экологияга тийгизген таасирин азайтуу зарылдыгын эске алуу менен өлкөдөгү энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнүн көз карашын жана перспективаларын камтыган кайра жаралуучу энергетика тармагынын учурдагы абалы айтылды.
"Мындан ары сууну сактаганга, үнөмдөгөнгө аракет кылабыз. Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарына чакан ГЭСтерди курабыз. Ошондой эле Камбар-Ата ГЭСи жүз пайыз Кыргыз өлкөсүнө таандык болду. Эми өзүбүздүн күчүбүз менен курганга кудуретибиз жетет.
Быйыл алты миллион бак тигели деп турабыз. Мындан тышкары жүзгө жакын чакан ГЭСтер, суу, күн, шамал энергиясы жана геотермалдык булактар менен иштей турган станцияларды иштете баштайбыз. Ал эми биз ушул жылы 400 миллиард сомго чейин акча каражатын чогултабыз. Жеке эле бюджетти карай бербестен өкмөттүн өнүктүрүү инструменттери менен да иштешебиз. Айталы, эми төрт банкта 100 миллион доллардан уставдык капиталы болот, ошонун негизинде элге узак мөөнөттөгү жана аз пайыз менен насыя бериле баштайт. Аны менен катар биз жумушчу орундарды түзө алабыз.
Салык кодекси боюнча кайра жаралуучу энергиянын субъекттери киреше салыгынан 15 жылга чейин бошотуп, керек болсо алардан доллар менен сатып алууга даярбыз. Мына ушундай валюттук тобокелчиликти өкмөт өз моюнуна алып жатат. Мындай шарттар бир да жерде болгон эмес.
Ал эми энергетикалык коопсуздукту жакынкы эки-үч жылда чечебиз. Бул боюнча Түркиядан инвесторлор келген, 650 МВтка газ генераторлуу станция коёбуз деп жатышат. Токтогул суу сактагычын сактап калуу үчүн ушундай газ генераторлуу станция куруу менен биз жылына бир миллиардга чейин сууну экономдой алабыз", - дейт Акылбек Жапаров.
Ошондой эле ал Камбар-Ата жана Жогорку-Нарын ГЭСтерин куруунун активдүү фазасын баштоо менен бирге энергиянын кайра жаралуучу туруктуу булактарына да артыкчылык берүү керектигин кошумчалады.