Ош облусунун борбордук аянтында бүгүн, 22-ноябрда Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг болуп өттү. Митингдин катышуучулары Келдибековду УКМКнын СИЗОсунда 2 ай камоо чечимин уккандан кийин Алай районунун Гүлчө айылында митингди улантышарын айтышууда. Учурда митингчилер борбордук аянттан тарап кете башташты. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган.
Бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун алдына Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышты. Сот депутатты 19-январга чейин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды.