12-мартка чейин шайлоонун жыйынтыктары аныкталат. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Ал билдиргендей, учурда автоматтык эсептөөчү урналардан алдын ала жыйынтыктар чыкты. Эми кол менен саноо иштери жүргүзүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы 12-мартка чейин шайлоонун жыйынтыктарын аныктайт.
Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.