"Супер-Инфо" гезитинин журналисти Асхат Субанбеков УМККнын сыйлыгына арзыды

"Супер-Инфо" гезитинин журналисти Асхат Субанбеков УМКК тарабынан уюштурулган "Басылмалар арасындагы коррупцияга каршы күрөштү чагылдырган мыкты макала" сынагында байгелүү 3-орунду ээлеп, УМККнын төрагасынын Ардак грамотасы жана баалуу белеги - нетбук менен сыйланды. 1-орунду Виктория Куренева (“Вечерний Бишкек”) жеңсе, 2-орунга Болотбек Таштаналиев (“Алиби”) ээ болду. Белгилей кетсек, жыл сайын өтүүчү бул сынак коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жана коомчулукту, ММКларды коррупцияга каршы күрөшүүдө активдештирүү максатын көздөйт. Сынакта гезиттен сырткары теле жана интернет айдыңында эмгектенген журналисттер арасында да жеңүүчүлөр аныкталды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан