Иса Өмүркулов Бишкекте өткөн аптада электр жарыгы 900 жолу өчүрүлгөнүн билдирди

"Борбор калаада өткөн бир апта ичинде 900 электр жарыгын өчүрүү болду",- деп билдирди бүгүн өкмөттүн жыйынында Бишкек мэри Иса Өмүркулов. Анын айтымында, Бишкекте энергетикалык авариялар жана өчүрүүлөр көп болуп жатат. Калк электр энергияны пайдалануудагы чектөөлөрдү эске албай, анын кесепетинен жарык берүү үзгүлтүккө учуроодо. Ошондой эле шаар башчы борбор калаанын тургундарынын жаратылыш газы боюнча карыздар бар экенин белгиледи. Көмүрдүн баасы учурда 2,9 - 3,8 миң сом болуп, аны колдонгондор аз болуп жатканын айтты Өмүркулов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан