Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп Шайлообек Атазов шайланды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.
Жыйындын жүрүшүндө эгер шайлоодон четтетилген Абдурахманхажи Муртазалиев аталган аймактагы добуштардын үчтөн бирин алган болсо, кайра шайлоо жарыяланмак. Бирок андай болбогондуктан экинчи болуп добуш алган Шайлообек Атазовго мандат берилери айтылды.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкектин Свердлов округунда өткөн кайра шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев “добуш сатып алган” деген жүйө менен четтетилген.
Буга нааразы болгон талапкер администрациялык сотко БШКнын чечимине каршы даттанган. Бирок сот анын арызын канааттандырган эмес. Кийинчерээк талапкер Жогорку Сотко даттанып, ал дагы талапкердин арызын четке каккан.