Борбордук шайлоо комиссиясы Абдыбахаб Боронбаевге депутаттык мандат тапшырды. Бүгүн, 1-апрелде аталган комиссиясынын жыйыны өттү.
БШКнын токтому менен Абдыбахаб Боронбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылды.
Ал "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына Бакыт Төрөбаевдин ордуна депутат болду.