Жогорку Кеңештин комитети парламенттик радионун тагдырын талкуулашты. 2021-жылдын июль айында радионун эфири токтотулган

2021-жылдын июлунан бери "Парламенттик радионун" эфири токтотулган. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркин Каимов билдирди.

"2021-жылдын июль айынан бери "Парламенттик радионун эфири токтотулган. Анын эң башкы себеби радиорелейлик магистралдар, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча бирикмесине жана Мамлекеттик байланыш агенттигине болгон карыз. Каражат маселеси чечилсе эфирге чыкканга даяр. 3 штаттык бирдик кыскартууга кеткен. Ушул маселелер чечилсе радио ишин улантат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан