Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-25-июнда өтүп жаткан Гаагадагы НАТОнун саммитине кара костюм кийип барганын Iltalehti басылмасы жазды.
Адатта, Зеленский расмий жолугушуулар үчүн жөнөкөй, кээде аскердик кийимдерди кийип барчу. Муну ал өлкөсүндө аскердик операциялар жүрүп жатканы менен түшүндүрүп келген.
Финляндиялык журналист жана фотограф Сами Саллинен украиналык лидердин мындай чечимин анын февраль айында Вашингтондогу иш сапары менен байланыштырып, АКШнын президенти Дональд Трампка жооп болгонун белгиледи.
Анда Трамп Зеленскийди костюмсуз келгени үчүн тамашага салып сындаган болчу.