Ысык-Ата районунда кичи автобус Чоң Чүй каналына түшүп кетип, 4 адам каза болду

7-декбарда саат 18:00 чамасында Ысык-Ата районундагы Красная Речка жана Нурманбет айылдарынын арасында бара жаткан Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобус Чоң Чүй каналына түшүп кетти. Окуядан кичи автобустун айдоочусу жана 3 жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка унаа ээсинин мас абалында рулду башкарып бара жаткандыгы себеп болгон. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүрүп, каза болгон жарандардын өздүгү такталууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан