“Бийликтин колунан эч нерсе келбей калып, оппоненттерин камоого өттү”,- дейт Равшан Жээнбеков

ЖКнын 27-ноябрдагы жыйынында депутат Равшан Жээнбеков “Кыргызгазды” сатуунун жыйынтыгы жакшылык алып келбей турганын айтты. Депутат муну менен өкмөт саясий жактан Орусияга көз каранды болгону жатат деген ойдо. “Орусиянын бийлигине азамат дегенден башка сөз жок, анткени өзүнүн кызыкчылыгын ар дайым биринчи орунга коёт. “Кыргызгазды” сатуу бийлик үчүн – позор. Өлкөдөгү кен байлыгын, энергетика тармагын башкара албаган өкмөттүн колунан эмне иш келет? Өлкөдө улутчулдар, либералдык көз караштагы муун бийликке келсе, газ боюнча аларды Орусияга чөгөлөткөнү жатасыңар. Азыркы бийлик экономикалык, социалдык көйгөйлөрдү чече албай калып, айласы кеткенде оппоненттерин камоого өттү. Муну менен көпкө узай албайсыңар”,- деди депутат өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып.  

  Жээнбековдун бул сөзүнө башка депутаттар каршы чыгышты. Эркин Алымбеков:“Бөйрөктөн шыйрак чыгарыштын кереги жок. Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз”,- деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан