Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы Азербайжан Республикасынын элчиси Гидоят Оруджев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев 26-ноябрда Кыргыз Республикасындагы Азербайжан Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Гидоят Оруджев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
Жолугушуу жүрүшүндө мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү маселеси талкууланды. Мындан сырткары Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу боюнча долбоорлор жөнүндө сөз болду. 
Жоомарт Оторбаев Бишкекте оңдолуп жаткан Гейдар Алиев атындагы сейил багынын жана Азербайжан өкмөтүнүн колдоосу менен курулуп жаткан мектептин курулушунун тез арада аяктоосуна ишеним артарын билдирди.
Өз кезегинде элчи жогоруда айтылган маселелер боюнча дипломатиялык миссиянын алкагында иш жүрүп жаткандыгын айтты. Ушул жылдын 18-декабрында Азербайжанда Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун урматына мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара болорун маалымдады. Аталган иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев башында турган Кыргызстандын өкүлчүлүгү катышарын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан