Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен муфтият биргеликте элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин атайын буйругуна ылайык, 7-декабрда Кыргызстандын аймагындагы бардык мечиттерде казы, имамдар тарабынан элге кырсыктардан оолак болуу үчүн ыйман жолуна чакырган баяндар айтылып, өлкө тынчтыгы үчүн баталар тиленди. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун демилгеси менен министрлик тарабынан кырсыктардан алыс болууга үндөгөн макалалар жарыяланган атайын гезиттер, мечиттер аркылуу элге таратылды. Министрликтин облустук башкармалыктары, райондук жетекчилери имамдар менен биргеликте калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мындан сырткары облустук телерадио компаниялар аркылуу да калкка түшүндүрүү иштери болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан