Чүйдүн Ысык-Ата районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 5-май күнү саат 21:30 чамасында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган райондун жолунда 2007-жылы туулган өспүрүмдү белгисиз айдоочу ВАЗ үлгүсүндөгү унаа менен сүзүп белгисиз тарапка изин жашырып качып кетти деген маалымат түшкөн.
Натыйжада жабырлануучу Чүй райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө эки буту сынып жана баш мээси чайкалды деген диагнозу менен жаткырылган. Кызматкерлер ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада “ВАЗ- 2106” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1961-жылы туулган Т.К. аттуу айдоочу кармалып, Ысык-Ата РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген жана унаасы айып короого токтотулган.