Ташкентте бүгүн, 29-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин 12-отуруму башталды. Муну өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Учурда өкмөт башчылар тар чөйрөдө жыйын өткөрүүдө. Мындан кийин кеңейтилген форматта жыйын өтүп, өкмөт башчылар ШКУга мүчө мамлекеттердин мындан аркы соода-экономикалык, гуманитардык байланышын бекемдөө темасында талкуу жүргүзөт.
Айта кетсек, жыйынга премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган делегация да катышууда.