"Манас Алыкулов сүйүнүп". "Кайрат" клубунун башкы машыктыруучусу Курбан Бердыев кызматтан кетти

Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Курбан Бердыев кызматтан кетти. Мындай маалымат футболдук клубдун расмий сайтына жарыяланды.

"Кайрат" клубу команданын башкы машыктыруучусу Курбан Бердыев менен кызматташууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкенин маалымдайт. Курбан Бекиевич менен бирге анын жардамчылары Иван Данильянц, Дмитрий Кириченко, Андрей Мацюра жана Эдуард Кундухов дагы клубдан кетишти", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул билдирүүнүн астына футболчу Гүлжигит Алыкуловдун агасы, шоумен Манас Алыкулов "Акыры!" (Наконец-то!) деген билдирүүсүн калтырды. Чындыгында бул машыктыруучу келгенден бери Гүлжигит Алыкулов алмашуудагы оюнчу болуп калган.

Курбан Бердыев "Кайрат" клубуна башкы машыктыруучу болуп 2021-жылдын август айында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан