Россия жана Кыргызстан. 30 жылдан берки кызматташтыктын негизги этаптары

Орусия Кыргызстандын негизги экономикалык жана гуманитардык өнөктөшү. Өлкөлөр эки тараптуу мамилелерди активдүү өнүктүрүүдө жана көптөгөн ири интеграциялык бирикмелердин, анын ичинде ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ жана КМШнын мүчөлөрү болуп саналат. Акыркы 30 жылдын ичинде миллиондогон кыргызстандыктар Орусияга иштегени кетип, үй-бүлөсүн жана биздин республиканын экономикасын багууга мүмкүнчүлүк алышты.

2022-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Бул эки өлкөнүн ортосундагы көп жылдардагы кызматташтыктын негизги этаптарын эскерүү үчүн жакшы учур.

Өзгөчө мамилелер

  • Эки тараптуу кызматташуунун алкагында Кыргызстан менен Россиянын ортосунда 130га жакын келишим, макулдашуу жана башка документтерге кол коюлган. Алардын эң маанилүүсү 2000-жылы кол коюлган Түбөлүк достук, союз жана өнөктөштүк декларациясы.
  • 2000-жылдан бери орус тили Кыргызстанда расмий тил болуп калды. Орус тилинин статусу Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген.
  • Орусия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы товар жүгүртүү 46%га өсүп, 2,5 миллиард долларды түздү.

Кыргызстан Россия Федерациясына негизинен жеңил өнөр жай продукциясын, жашылча-жемиштерди берет. Россия Кыргыз Республикасына товарлардын кеңири спектрин, анын ичинде мунай продуктыларын, жыгачтарды, машиналарды, жабдууларды жана технологияны берет.

  • 2021-жылы Орусиядан Кыргызстанга эмгек мигранттарынын которгон акчасынын көлөмү 2,6 миллиард долларды түздү. Бул Кыргыз Республикасынын бүткүл бюджетинин көлөмү менен салыштырууга болот.
  • 2013-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу жаатында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган. «Газпром» «Кыргызгаздын» 40 миллион долларга бааланган карызы боюнча милдеттенме алган. Ошентип Кыргыз Республикасына газ берүүнүн көптөн берки үзгүлтүккө учураган көйгөйү чечилди.

Орусия менен кызматташуунун аркасында Кыргызстанда көгүлтүр отундун баасы дүйнөдөгү импорттоочу өлкөлөрдүн ичинен эң төмөн баалардын бири болуп саналат. Өздөрү өндүрүп экспорттогон өлкөлөрдө гана арзан. 2021-2022-жылдары дүйнөлүк отун-энергетикалык каатчылык күчөгөн маалда Кыргызстанда газга болгон тарифтер мурдагы деңгээлинде калтырылды.

Россия - кең пейил жан

  • 2009-жылы Орусия Кыргызстанга 150 миллион доллар өлчөмүндө бекер каржылык жардам көрсөткөн. 2010-2012-жылдары Орусиянын Кыргыз Республикасына гуманитардык жардамынын көлөмү 45 миллион доллардан ашса, 2013-жылы 25 миллион доллар жана 25 миң тонна эгин жеткирилген.
  • 2009-жылы Орусия Кыргызстанга 300 миллион доллар насыя берген. Ал 40 жылга 0,75% жылдык жана жети жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен берилди.

Насыя жеңилдетилген мөөнөт бүтө электе кечилип, Кыргызстан анын үстөк пайызын төлөгөн эмес.

Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына болгон карызы 193,5 миллион доллар өлчөмүндө реструктуризацияланган. Карыздын 95% кечилген.

  • 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына болгон 489 миллион доллар карызын этап-этабы менен жоюу боюнча келишимге кол коюлган. Ал карызды 10 жылдын ичинде кечүү керек болчу, бирок анын акыркы бөлүгү 2017-жылы эле кечилген.
  • Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин экономиканы модернизациялоо үчүн уставдык капиталы 500 миллион доллар болгон Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Иш баштагандан бери 430 миллион долларга 3,2 миң долбоорду ишке ашырган. Мунун аркасында Кыргыз Республикасында 50 миңге жакын жумушчу орун түзүлдү.
  • Евразиялык интеграциянын алкагында Орусия Кыргызстанга чек араларды бекемдөө, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана жабдуу үчүн 200 миллион доллар бөлгөн.

Күч эмнеде?

  • Орусия Кыргызстанга олуттуу аскердик жардам көрсөтүүдө. Мисалы, 2012-жылы эле Кыргыз Республикасына дээрлик 500 миллион долларлык ар кандай аскердик техникалар алып келинген. Ал эми 2019-жылы Россия Федерациясы республикага 400 миллион рублга жакын суммада акысыз пайдалануу үчүн тогуз броне чалгындоо, патрулдук унааларды жана эки көп максаттуу вертолётту белекке берген.
  • Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрү КМШ жана ЖККУ алкагында көп тараптуу негизде ар кандай машыгууларга үзгүлтүксүз катышып келет. Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен аскердик машыгуулары өтүүдө.

1993-жылдан бери Кыргызстандын аскер кызматкерлери Орусиянын аскердик окуу жайларында билим алып келишет.

  • 2003-жылы ЖККУнун базасы Кантта 15 жылдык мөөнөткө жайгашкан. Кийинчерээк келишим дагы 49 жылга узартылган. 2012-жылы Кыргыз Республикасында Бириккен Орусиянын аскердик базасы түзүлгөн. Анын курамына Канттагы ЖККУнун Ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүнүн аэродрому, Ысык-Көлдөгү сыноо-деңиз базасы, Чалдовар айылындагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суу шаарындагы автономдук сейсмикалык пункт кирет. Базанын болушу аймактагы коопсуздуктун гаранты болуп саналат.
  • 2021-жылы Россия Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө жана ардагерлерине кезектеги гуманитардык жардам көрсөттү.

Дос кыйынчылыкта таштабайт

  • Орусия БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы эң ири донору. Россия Федерациясынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу жана калктын социалдык жактан аялуу катмарын коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоого 40 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

2020-жылы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын атайын долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын 100 мектебинин башталгыч класстарынын окуучулары ысык тамак менен камсыз болгон. Бул Орусиянын каржылык колдоосу менен ишке ашты.

  • 1993-жылы Кыргыз-Орус Славян университети ачылган. Бул студенттерге заманбап эл аралык стандарттарга ылайык сапаттуу билим берген Кыргызстандагы эң абройлуу университеттердин бири.
  • 2021-жылы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда биргелешкен билим берүү инфраструктурасын түзүү жөнүндө протоколго кол коюлган. Анда Кыргыз Республикасында окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн бир нече мектептерди куруу каралган.
  • Россия COVID-19 пандемиясынын шартында Кыргызстанга активдүү колдоо көрсөттү. Пандемия башталгандан бери ал республикага 100 000ден ашык коронавирустук тесттер үчүн тесттик системаларды белекке берди.

2020-жылдын июль айында Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын рейси Кыргыз Республикасына дары-дармектердин жана медициналык жабдуулардын ири партиясын, анын ичинде вентиляторлорду, анестезиология жана реанимация үчүн мониторлорду алып келген.

Пандемия маалында Орусия Кыргызстанга Sputnik V жана Sputnik Light вакциналарынын бир нече партиясын бекер жеткирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан