Кыргыз кызы 150 кичинекей ленинграддыктарды кантип сактап калган

Кыргызстан 19-кылымдын экинчи жарымында ыктыярдуу түрдө Орусиянын курамына киргенден бери биздин республикада маданий-техникалык жактан гүлдөп-өнүгүүсү башталган. 1941-1945-жылдары Кыргыз ССРи башка союздук республикалар менен бирге эбегейсиз зор өлкөнүн эркиндиги үчүн күрөшкөн. Кыргызстандын ар бир жараны – фронтто же тылда жалпы ишке өз салымын кошкон.

Тарыхта атын түбөлүккө калтыргандардын бири Ысык-Көлдүн жээгиндеги кичи Күрмөнтү айылынын тургуну Токтогон Алтыбасарова болгон. 1942-жылы курчоодо калган Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы баш калкалаган жана куткарган. Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун башталганынын 81 жылдыгында анын эрдигин эскерип жатабыз.

Согуш башталган 1941-жылы Токтогон Алтыбасарова 17 жашта эле. Азыр 17 жашта көптөр бейкапар жашайт. Анан ушул куракта адамдар коомго күчтүү жана негизги пайдасын тийгизип жаткан. Ал эми жергиликтүү эр-азаматтардын баары фронтко чакырылганда, эң иш билги, жоопкерчиликтүү адам катары Токтогон айылдык Советтин төрагалыгына дайындалган. Ал фронтко нан, эт жана жашылча тапшыруунун планын так аткарууну талап кылган. Ал аны аткара алган.

1942-жылдын жай айларында Күрмөнтүгө арыктаган ленинграддыктар алып келинген. Алар бир жарым жаштан 12 жашка чейинкилер болгон. Көпчүлүгү алсыз болгондуктан өз алдынча баса албай калышкан. Ленинградда деле балдарды тылга жөнөтүп жатып, фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын жазган бирка илип коюшчу. Бирок жолдо көптөгөн биркалар бузулуп же жоголуп кеткен. Эң кичинекей ленинграддыктар ысымдарын айта алышкан эмес. Ал эми алардын фамилиясын Токтогон Алтыбасарова өзү ойлоп тапкан жана алар эркелетип апасын Тоня деп аташкан.

Балдарды согушка чейин жатакана үчүн даярдап жаткан бош имаратка жайгаштырышкан. Токтогон балдарды сүт менен курсактарын тойгузуп, үймө-үй кыдырып, ленинграддык жаштардын эмнеге чыдаганын айтып берген. Ал эч нерсе сураган эмес, бирок айыл тургундары акыркы нерсесин алар менен бөлүшө башташкан. Кээде балдарды багуу үчүн өз балдарына тамак бербей да калышкан. Ар бир үй-бүлө эки-үчтөн баланы камкордукка алган. Ал эми Ленинграддан Күрмөнтүгө келген 150 баланын бири да каза болгон эмес. Тоня эже жана анын камкор жердештери бардыгына себеп болгон!

Көп жылдардан кийин блокададан аман чыккандар: "Кыргызстанда алар бизге кандай жылуу мамиле жасашканын эстейбиз. Биз жашаган балдар үйүндө карапайым тургундар белек-бечкек, кийим-кече алып келишчү, бат эле күчтөнүп калдык. Кыргыз жерин, өзгөчө Ысык-Көлдү, тоолорду сүйүп калдык. А биз бул жерди өмүр бою сүйөбүз", - деп эскеришкен.

Согуштан кийин балдардын айрымдарын ата-энелери таап, үйлөрүнө алып кетишкен. Ал эми кээ бирөөлөр үчүн Кыргызстан жаңы үй болуп калган. Алар аймактарга тарап кетишип, билим алып, өмүр бою республиканын жыргалчылыгы үчүн иштеп, эл чарбасын көтөрүшүүдө. Бирок 20-кылымдын аягында алар кайрадан чогулуп, 1994-жылы Ленинград блокадасын бузуучулардын кыргыз коомун (КОБЛ) түзүшкөн. Союз тарады, заман оор болду. Блокададан аман калгандар кыйынчылыктарды чогуу жеңүү жакшы экенин эстешип, алар Кыргызстанда согуштун катышуучуларына теңелип, пенсиясы көбөйтүлгөнүнө жетишкен. Алардын айрымдары ошонун аркасында батирге ээ болушту. Блокададан аман калгандарга кошумча жашоо жеңилдиктери да берилди. Учурда 12 адам КОБЛга мүчө. Кыргызстанда жалпысынан блокададан аман калган 14 адам жашайт.

Ал эми Токтогон Алтыбасарова узак жана окуяларга бай өмүр сүрдү. 44 жыл айылдык Советтин секретары болуп иштеген. Жолдошу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери менен бирге тогуз баланы өстүрдү. Ал дайыма Ленинграддагы тарбиялануучуларын эстеп жүрчү. Алардын тагдырына кызыгып, кат жазышып турган. Жыл сайын бакчадагы мөмө-жемиштерди терип, аларга жөнөтчү. Өлкөдө калгандар менен Жеңиш күнүндө жолугушуп турган.

Токтогон Алтыбасарова 90 жашка чейин жашаган. Ал Бишкектин Жеңиш паркында жайгашкан Ленинград блокадасынын мемориалында кичинекей бала менен бирге тартылган. Аны курууга акчаны бүткүл дүйнө чогултуп, анын бир бөлүгүн орусиялык “Газпром” компаниясынын өкүлчүлүгү бөлүп берген. Бул эмгекчил кыргыз кызынын жана өжөр кичинекей ленинграддыктардын эле эстелиги эмес, бул совет элинин биримдигинин жана Кыргызстандын Орусия менен достугунун эстелиги. Биздин өлкөлөрдүн ажырагыс тарыхый байланышы бар жана ал жыл өткөн сайын чыңдалып баратат. Бактыга жараша, азыркы муун тарыхтын сабактарын жакшы эстейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан