Тек гана бизнес. Эмне үчүн Кыргызстан советтик билим берүү системасын кайтарышы керек

КРСУнун Орус тил институтунун директору, профессор Мамед Тагаев Кыргызстан эмне үчүн билим берүүнү коммерциялаштыруудан арылуу керектигин айтып берди.

Акыркы он жылдыкта кыргызстандыктар көбүнчө эмгек рыногунда талап кылынбаган кесиптерди тандашууда. Жогорку окуу жайды бүтүп, диплом алгандан кийин жумуш таба алышпайт, башка тармакта иштей алышпайт.

"Өлкөдө дээрлик 70ке жакын жогорку окуу жайлары бар. Бул абдан көп. Ал эми бардык жерде окутуунун деңгээли жогору эмес. Кээ бир мекемелер үчүн билим берүү акча табуунун гана жолу. Аларга кимди бүтүрүп чыгарышат кызыктырбайт", - деп баса белгиледи Мамед Тагаев. - "Дагы айта кетейин: Кыргызстанда орус тилдүү мектептин 1-классына өтүү (алардын жетишсиздигинен улам) кайсы бир коммерциялык ЖОЖго тапшыргандан да кыйыныраак. Бул университеттерди сиздин мектепте кандай окуганыңыз, кандай жөндөмүңүз бар экендиги кызыктырбайт. Эң негизгиси акча. Сиз төлөйсүз жана окуйсуз.

Ошону менен бирге эл өзүнүн балдарына жогорку билим берүүгө зор умтулуусу бар. Көптөгөн адамдар кандай билим аларына маани беришпейт. Эң негизгиси, билими болсо болду. Айрымдар билим болсо эле аларга кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенишет. Мисалы, чиновник болуп коррупцияга баруу. Жыл сайын бизде 40 миңге жакын ЖОЖ бүтүрүүчүлөрү (бакалаврды аяктагандар) окууну аяктайт. Кыргызстан үчүн бул өтө чоң сан. Алардын айрымдары жумуш таппай жатканы түшүнүктүү", - дейт Мамед Тагаев.

"Жогорку билим баарына эле керек эмес. Анткени кимдир-бирөө нан өстүрүүсү, ал эми кимдир бирөө өтүк оңдоосу керек ... Бирок бул үчүн билим талап кылынбайт. Жогорку билим - бул элиталык билим. Аны эң жөндөмдүү, чыгармачыл адамдарга бериш керек", - деп эсептейт Мамед Тагаев. "Совет доорунда кесиптик лицейлер популярдуу болчу. Ал жерден жумушка керектүү кесип алууга болот болчу. Бүгүнкү күндө көптөр бул лицейлерди ЖОЖдорду бүтүргөндөн кийин гана эстешет. Жумушчу адистигин алгандан кийин, алар эреже катары, алардын көндүмдөрү абдан суроо-талап болгон жерге кетишет".

Учурда Орусияда Кыргыз Республикасынан 1 миллион 100 миңге жакын эмгек мигранты бар. Алардын көбү куруучу, сантехник, ашпозчу болуп иштеп, жакшы акча алышат. Бактыга жараша, Орусия Федерациясында кыргызстандыктар үчүн жергиликтүү тургундар менен бирдей шартта иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

"Акыркы убакта россиялык эксперттер болондук билим берүү системасынан баш тартып, адистиктерди жандандырууну сунуштап жатышат. Студенттерге аспирантурага жана башка баскычтарга жол ачкан оңдолгон советтик системага кайтуу айтылууда. Мындан үлгү алышыбыз керек", - деп белгилейт Мамед Тагаев.

"Жогорку билим берүү мамлекеттин иши болуп калышы керек. Ал эми бул жаатта коммерциялаштыруудан арылышыбыз зарыл. Жогорку окуу жайлардын санын кыскартып, окууга жакшы, чыгармачылык шык-жөндөмү барларды гана кабыл алуу керек".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан