Бишкекте маршруттук таксилердин биринде жаш кыз эсин жоготту

Бүгүн Бишкек шаарындагы 203-маршруттук таксиден жаш кыз эсин жоготуп жыгылды. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучусу жазып чыкты.

Ал кызга жанындагы жүргүнчүлөр жардам көрсөткөнүн белгилеген. Ошондой эле чакырылган "Тез жардам" унаасынын кечигип келгенине жана маршруттук таксилерде түзүлгөн шарттарга нааразычылыгын билдирген.

"Кыргызстандын тез жардамы жеткиче нерв чыдабай кетет го, чиркин ай. Алып кетишти кызды. Маршруткалардын люктары өтө кичине, айнектери ачылбайт. Мээ кайнаткан ысыкта картошка жүктөгөнсүп тыгып алышат.

Кыскасы бардык тармакта чар жайыт. Көзөмөл кылган бир жан жок. Эмне үчүн маршруткалардын айнектери ачылбайт? Дагы канча киши эсин жоготуп жыгылыш керек? Же сөзсүз эле өлүш керекпи?" - деп жазган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан