АКШ Ирандын өзөктүк инфратүзүмүн жок кылды. Бул тууралуу АКШдагы Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Левитт билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, ишемби күнү жасалган соккулар Ирандын байытылган уран сакталган жайларына багытталган жана өзөктүк инфратүзүм толугу менен жок кылынган.
"Ооба, биз Ирандын өзөктүк объекттери толугу менен жок кылынганына ишенебиз. Бул тууралуу Трамп ишемби күнү кечинде жасаган кайрылуусунда да айткан. Биз соккулар багытталган жайларда дал ошол байытылган уран сакталып турганына ишенебиз. Эгерде андай ишеним болбосо, Трамп эч качан сокку урууга буйрук бермек эмес", — деди ал ABC телеканалына берген маегинде.
Эске салсак, 21-июнда АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордоу, Натанз жана Исфаханга сокку урган. Көп өтпөй Нью-Йоркто согушка каршы нааразычылык акциялары башталган.