Ички иштер министрлигинин атайын техникалары күндүн ысык аптабында бак-дарактарга жана көчөлөрүнө суу чачууда. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"ИИМдин Атайын багыттагы полкунун техникалары күндүн ысык аптабында борбор калаабыздын бак-дарактарына жана көчөлөрүнө суу чачып, Бишкек шаарынын жашоочуларына жана конокторуна жагымдуу маанай тартуулоодо. Милиция кызматкерлери тарабынан колго алынган бул ишти жарандар жылуу кабыл алууда", - деп жазылган маалыматта.