Бишкек шаарынан ири суммадагы алдамчылыкка шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 21 жана жана 55 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Шектүү биринин Токмок шаарындагы балык чарбасынан 760 миң сомго балык сатып алып, акчасын төлөбөй кетсе, биринин Nissan Primera үлгүсүндөгү унаасын 180 миң сомго сатып алып, 30 миң сомун берип, калганын бербей жүргөн.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делген жаран Бишкек шаарынын аймагынан кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Ал мурда алдамчылык боюнча жоопко тартылганы аныкталды.
Учурда шектүүнүн башка алдамчылык кылмыштарына тиешеси бар-жогу такталууда.