Бишкектеги Биринчи Май райондук №8-шаардык милиция бөлүмүнүн оперкызматкери таэквондо боюнча Дүйнө кубогунда колго медалды жеңип алды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБинин №8-шаардык милиция бөлүмүнүн оперкызматкери Майрамбек Дүйшеев Лондондо өткөн таэквондо боюнча Дүйнө кубогунда коло медалга ээ болду. Бул тууралуу бизге Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы маалымдады. Мелдеште мекендешибиз Жаңы Зеландия, АКШ, Япониянын спортчулары менен беттешип, байгеге жетишкен. 
Маалымат үчүн: 1986-жылы туулган Дүйшеев Майрамбек Алиевич - КРнын ИИМ академиясынын бүтүрүүчүсү, таэквондонун ИТФ түрү боюнча Эл аралык класстагы спорт чебери. Ошондой эле кикбокс жана тайбокс боюнча Спорт чебери. Көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси. 2011-жылдан баштап Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБинин №8-шаардык милиция бөлүмүнүн оперкызматкери болуп кызмат кылып келет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dia-omur
2012-10-31 18:48:29
азаматсыз...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан