5G акылдуу шаарга кандай артыкчылыктарды бере алат? (спойлер – эӊ сонун!)

Жакынкы унаа токтотмо кайсы жерде экенин алдын ала билип алсаӊар кандай болмокчу? Таштанды кутулары мэрияга толуп калганын ѳздѳрү эскертип турсачы? Кѳчѳ чырагы электромобилдер үчүн кубаттоочу станция катары кызмат кылсачы? Бул тиркемелердин баарынын келечеги бир ѳзгѳчѳлүккѳ байланыштуу — алар 5G түйүнү менен иштѳѳсү зарыл.

Кыргызстанда мындай жаӊылыкка карай алгачкы кадамдар жасалды – О! Мобилдик операторунун түйүнүндѳ биринчи жолу ылдамдыкты ченѳѳ иш-аракети жүргүзүлүп, ал 1,5 Гбит/с кѳрсѳткүчүн берди.

Маалымат ѳткѳрүүнүн жогорку ылдамдыктары менен байланыштын минималдуу кечигүүлѳрү 5G технологиясынын негизинде «акылдуу шаарды» шаардын инфраструктурасын (жолчырактарды, кѳчѳ жарыктарын, жылуулук- жана суу менен камсыздоо тутумдарын, тышкы видео байкоону ж.б.) бириктирүү аркылуу кыйла натыйжалуу куруу мүмкүндүгүн берет.

Коомдук коопсуздук

Интеллектуалдык байкоо ѳзгѳчѳ кырдаалдарга тезирээк реакция кылуу жана кылмыштардын алдын алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо менен адам ѳмүрлѳрүн сактап калууга жардам берет. Мындан тышкары, байкоо жүргүзүүнүн «смарт технологиясы» айлана-чѳйрѳнүн булгануусун жана энергияны керектѳѳнү кѳзѳмѳлдѳп, шаарлардын кыйла коопсуз жана экологиялуу багытта ѳнүгүүсүнѳ кѳмѳктѳшѳ алат.

Чыгымдарды азайтуу

Кыймыл-аракет датчигинин күӊүрттѳѳ технологиясын 5G түйүнүнѳ кошуунун натыйжасында, айлана-чѳйрѳдѳгү шарттарга жараша, кѳчѳ чырагын кубаттоо үчүн колдонулган чыӊалуунун кѳлѳмүн азайтуу мүмкүн. Кыймыл-аракет аз болсо, жарык 20% кубаттуулукта гана иштей алат. Ал эми кыймыл-аракет кѳп болгон учурда жарык берүүнүн интенсивдүүлүгү 100%га чейин чыгарылат. Бул болсо, жарыктык булганууну азайтып, акчаны үнѳмдѳѳгѳ шарт түзѳт.

Күнүмдүк жашоодо 5G технологиясы

5G түйүнү соода барборлорунун иштѳѳсүн камсыздоочу тутумдарды (электр энергиясы менен камсыздоо, жылуулук, вентиляция, сигнализация, ѳрт ѳчүрүү тутумдары), дүкѳндѳрдүн коопсуздугун (видеобайкоо, уурулукка каршы тутумдар), инвентардык каттоого алуу, акылдуу унаа токтотмолор жана виртуалдуу кийинүү бѳлмѳсү сыяктуу сервистерди жаӊы деӊгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет.

Азыркы учурда Барселонада (Испания), Колумбуста (Огайо штаты, АКШ) жана Сингапурда интеллектуалдык кѳчѳ чырактары менен датчиктери колдонулуп, абанын сапатын, унаа токтотмодогу бош орундарды жана таштандылардын жыйналышын кѳзѳмѳлдѳп турат.

Мисалы, Колумбус бүгүнкү күндѳ жол тыгындарын азайтуу үчүн колдонулган, жолдорду оӊдоо зарылдыгы тууралуу автоматтык түрдѳ билдирип турган жана учкучсуз автоунаалардын ортосунда байланышты камсыздоочу тиркемелерди киргизип, сыноодон ѳткѳрүп жатат.

Андыктан, «акылдуу» шаарлар – бул келечектеги эмес, азыркы күндѳгү шаарлар.

О! түйүнүндѳгү 5G жаӊылыктары менен компаниянын Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларынан таанышып туруӊуздар. Сиздерди кызыктуу кѳп нерсе күтѳт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан