Жакында 1-сентябрь! Эскилиги жетип, кулаганы турган мектептер тууралуу айтып беребиз

Эскирип, жараксыз абалга келген мектептер – Кыргызстандын билим берүү тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири.
Эсиңиздерде болсо, үстүбүздөгү жылдын май айында Чаткал районундагы мектептердин биринде класстын шыбы сабак учурунда түшүп кеткен. Нарында окуучулар чатырда, Ысык-Көлдө чатырынан суу куюлган класста окушуп, айтор, санай берсе толтура. Ушундай окуялар өлкөдө билим берүүнүн сапатын, окуучулар менен мугалимдерге түзүлгөн шартты айгинелеп турат. Жакында Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү кооптуу мектептерди текшерүүгө алып, андай имараттарда сабак өтүлбөй турганын жарыялады. “Балдар мындан ары кооптуу деп эсептелген авариялык абалдагы мектептерде окушпайт, убактылуу 3 нөөмөт менен же айыл өкмөтү ижарага берген имараттарда окуп турушат”,- деп билдиришти министрликтен. Бул макалада 21-кылымдагы заманбап жашоого шайкеш келбеген, эскилиги жетип ураганы турган мектептер тууралуу сөз кылабыз.

Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 26-августта чыккан жаңы - №1029 санынан окуй аласыз.

Супер-Инфо гезитинин №1029 санында...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан