Эгер сен студент болсоӊ, анда жеӊилдетилген шарттарда ѳзгѳчѳ тарифти кошуп алуу мүмкүндүгүнѳ ээ боло аласыӊ. О! түйүнүндѳ гана эӊ активдүүлѳр жана баарлашууну жакшы кѳргѳндѳр үчүн эксклюзивдүү сунуш бар.
«Переходи на О! Студент Онлайн» тарифи виртуалдуу окуялардын чордонунда болууга, достор менен байланышты сактоого жардам берет. Жумасына болгону 105 сомго:
Тариф интернетти тармактан керектүү маалыматтарды издѳѳ, блог жүргүзүү же окуп үйрѳтүүчү видеолорду кѳрүп чыгуу максатында, ошондой эле кѳӊүл ачуу, баарлашуу жана тренддерден артта калбаш үчүн колдонгон студенттерге ылайыкталып иштелип чыккан.
Баары жѳнѳкѳй – тарифте канчалык кѳп досуӊ болсо, ошончолук пайдалуу!
«Переходи на О! Студент Онлайн» тарифин Кыргызстандын окуу жайларында билим алып жаткан студенттер кошо алат. Кошуу үчүн жанында паспорту, жарактуу студенттик билети же зачёттук китепчеси болууга тийиш.
Тезирээк О!го ѳт, студент!