Beeline кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт жана акысыз интернет тартуулайт

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн урматына Beeline 2 ГБ интернет тартуулайт жана өз абоненттерине Казакстанда, Россияда жашаган жакындарына толук акысыз байланышуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Акысыз интернет жана чалуулар пакетин абоненттер 31-августта гана кошо алышат. Акция 24 саат – 00:00дөн 23:59га чейин уланат. Кызматты *2300# командасы боюнча же «Мой Beeline» тиркемеси аркылуу кошууга болот.

Beeline кыргызстандыктарды Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү – республиканын башкы мамлекеттик майрамы менен куттуктайт жана өлкөнүн гүлдөп өсүшүн, ал эми жарандарга – ден соолук, байлык, тынчтык каалайт.

Компаниянын атынан куттуктоо сөзүн Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин билдирди.

"Эгемендүүлүк күнү – кыргыз эли үчүн маанилүү майрамдардын бири. Ал улуттук биримдикти жана эркиндикти чагылдырат. Мен бардык кыргызстандыктарды өлкө тарыхында өзгөчө орду бар бул күн менен куттуктайм. Өлкөбүзгө ийгиликтерди жана гүлдөп өсүүнү, ар бир адамга тынчтык каалайм. Алдыда ар бирибизди ушул өлкөдө кең жана жаркын келечек күтүп турсун", - деп куттуктады ал.

Туугандарыңыз жана жакындарыңыз менен байланышта болуңуз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан