Хусанбой Мирзаев: "Билимимди Кыргызстанда колдоном деген ой менен мекениме кайтып келдим"

О! Мобилдик оператору кыргызстандыктар жетишкен ийгиликтери жѳнүндѳгү баяндары менен бѳлүшкѳн «Биринчи жактын атынан» аттуу рубрикасын улантат. O!Store адисинен жетектѳѳчү БОБЛ инженер-долбоорчусу – Хусанбой ар бир баскычтан жоопкерчилик менен ѳтүп, жылдан жылга максатына жетишип келди.

2017-жылдын июль айында Хусанбой Мирзаев Томск мамлекеттик башкаруу системалары жана радиоэлектроника университетин артыкчылык менен бүтүрүп, РЭС инженер-конструктору адистигине ээ болгон.

– Окуумду аяктагандан кийин Россиянын компанияларынан кѳп эле сунуштар келип түшкѳн, бирок алган билимимди Кыргызстанда колдонуп, Кыргызстанда иштейм деген ой менен мекениме кайтып келдим.

Таанышым Араванда сатуу боюнча адиске вакансия бар экенин айтып калды, эртеси күнү агам менен резюмелерибизди тапшырдык. Бир жумадан кийин Ошко аӊгемелешүүгѳ чакырышты. Биринчи агам кирип, жарым сааттан кийин жүзүндѳ жылмаюу менен чыкты. Ошондо агам ѳтүп, мен ѳтпѳй калдым деп ойлодум. Себеби, Араванда бир гана орун, ал эми жумушка орношууну каалагандардын саны ѳтѳ эле кѳп болчу.

Агам чыккандан кийин мен кирдим, абдан толкундандым. Канткен менен биринчи аӊгемелешүүм эмеспи. Суроолорго жооп берип жаткам, бир убакта токтотуп, минтип айтышканы эсимде: «Муну биринчи жолу айтып жатам, биз ар бир талапкерди бир эле күн тандабайбыз, бирок силер бизди таӊ калтырдыӊар. Экѳѳӊѳрдү теӊ жумушка алалы деп чечтик. Бирок бир жагдай бар: Араванда бир эле орун бош, сиз Ошко барып иштейсизби?». Ошондогу кубанганымды сѳз менен жеткире албасам керек!

Белгилүү бир убакыт ѳткѳн соӊ Бишкекке окууга келдик. Абдан кызыктуу болду, «сатуу кадамдары», түрдүү программалар боюнча иштѳѳнү үйрѳтүштү.

2017-жылы кеӊсеге SIM-карталарды сатуу жана тейлѳѳ адиси болуп орноштум. 3-4 айдан кийин сатуу деӊгээли жогорку кѳрсѳткүчтѳргѳ чыккандыгына байланыштуу филиалыбыз жаӊы тепкичке кѳтѳрүлүп, O!Store дүкѳнү болуп калды. Ал жерде мени улук кызматкер кылып дайындашты. Кардарлар менен иш алып барууда дайыма сылык мамиле жасоого, сапаттуу тейлѳѳгѳ аракет кылып, маселелерин чечүүгѳ колуман келген жардамды берчүмүн. Кардарлардын жүзүндѳгү жымаюу, алардын кубанычы, жана албетте, бонустар менен жакшы айлык маяна мага ар дайым мотивация берип турчу. Улгайган ата-апалар мени «уулум» дешсе, улуулар «иним» деп кайрылар эле. Бир жылдан кийин жетектѳѳчү адис болдум. Ар бир этапта, ар бир кызматка мүмкүн болушунча чоӊ жоопкерчилик менен мамиле кылып, жетекчиликтин ишеничин актоого аракет кылып келдим.

«OKey Google O!Store»

Кесиптештеримдин арасында мындай атка конгонумдун себеби – корпоративдик «Билимдер базасынан» кѳп нерсени билгеним, процедуралар камтылган каттарды окуганым, натыйжалуу сатуу боюнча серептерди кѳрүп турганым себеп болду. Ошондуктан, жумуш боюнча кесиптештеримдин суроолоруна дароо жооп берчүмүн.

2020-жылы пандемиядан улам, ѳзгѳчѳ ѳлкѳ боюнча ѳтѳ катуу локдаун болуп, эки-жакка чыгууга чектѳѳ киргизилген мезгилде кеӊсебиз убактылуу жабылды. Бир ай ѳткѳн соӊ аралыктан иштѳѳнү сунуш кылышты. Мынтип иштеген мага жакты. Ошол эле жылы тандоо жана окуп-үйрѳтүү боюнча менеджер кызматына жарыяланган сынактан ийгиликтүү ѳтүп кеттим. Жеке тажрыйбаларым жана лайфхактар менен бѳлүшүүгѳ убакыт келди.

2021-жылдын март айы. Кадимки эле күндѳрдүн бири, кеӊседе отуруп, жаӊы талапкерлер менен аӊгемелешүү ѳткѳрүп жаткам. Бир маалда үч кишинин коштоосунда аймактык директорубуз кирип келди. Кѳрсѳ, коштоочулар Saima Telecom компаниясынын ѳкүлдѳрү экен. Техникалык директор кийин менин жашоомду бүтүндѳй ѳзгѳрткѳн бир эле суроону берди:

– Сиз диод менен транзистордун ортосундагы айырманы билесизби?

Албетте билчүмүн. Бир жумадан кийин була-оптикалык байланыш линияларын (БОБЛ) долбоорлоо, куруу жана ишке киргизүү боюнча инженер-долбоорчунун кызматын сунуш кылышты. Дароо макул болдум, университеттен алган билимимди колдонууну каалачумун.

Бир жылда кесиптештерибиз менен зымдуу интернет жана интерактивдүү телевидениенин эӊ ѳнүккѳн түйүнүн долбоорлоп чыгып, Ош областынын калкын сапаттуу интернет менен камсыз кыла алдык. Азыр болсо, сатуу жана тейлѳѳ чѳйрѳсүндѳ ээ болгон тажрыйбамдын ишиме да чоӊ пайдасы тийип жатканын түшүнүүдѳмүн. Учурда мен БОБЛ инженер-долбоорчусумун жана Ош шаарындагы долбоорчулардын ишин жетектейм.

Жоопкерчилик жана пунктуалдуулук – ийгиликтин эӊ маанилүү сапаттары. Ар дайым «Жумушка бир мүнѳт кечигип келгенче, 30 мүнѳт эрте келген жакшы» деп айтам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан