MegaCom компаниясы Кыргызстанда биринчи болуп 5G сынамык аймагын ачты

Бүгүн, 5-сентябрда Бишкекте MegaCom компаниясы биринчи болуп 5G сынамык аймагын ачты. Dordoi Plaza-2 соода борборунда болуп өткөн 5G түйүнүнүн сынамык форматындагы расмий ачылыш аземине Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, ишкер Аскар Салымбеков, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов 5G жөн гана жаңы жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик байланыш стандарты эмес экендигин белгилеп, анын артыкчылыктарына токтолду.

5G чоң көлөмдөгү маалыматтарды жогорку ылдамдыкта өткөрүүгө, жаңы технологияларды ийгиликтүү ишке ашырууга, өндүрүштө, ири кеңселерде, соода борборлорунда жана жалпы эле өлкөнүн экономикасын санариптештирүүнүн бардык процесстерин оптималдаштырууга алып келет. 5G тармагын өнүктүрүү калк, бизнес жана мамлекет үчүн санариптик кызматтардын жана сервистердин жаңы сапатын камсыз кылат, санариптик экономиканын өнүгүшүнө салым кошот”,- деди министр.

Көргөзмөдө MegaCom компаниясы менен Huawei бренди тарабынан жогорку технологиядагы стенддер көрсөтүлдү. Саамалыктын катышуучулары Industrial 5G түйүнүнүн базасында иштеген өнөржай роботторунун иштөөсүнө байкоо салышып, өткөргүчсүз жогорку ылдамдыктагы маалыматтарды жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн сынап көрүшүп, алардын артыкчылыктарын жогору баалашты.

"Альфа Телеком" компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов 5G технологиясынын сынамык аймагын Кыргызстанда биринчи болуп ачып жатышканын баса белгиледи.

Жайында Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы үч уюлдук операторго тең 5G технологиясын сынап көрүп, ишке киргизүү тапшырмасын берген. Ошонун негизинде биз бүгүнкү күндө биринчилерден болуп көргөзмөнү ачып отурабыз. Эми баардык каалоочуулар келип 5G технологиясы менен таанышып, кандай иштерин баамдап кетсе болот”,- деп билдирди ал.

5G технологиясынын көргөзмөсү Dordoi Plaza-2 соода борборунда сентябрь айынын аягына чейин уланат. Каалоочулар көргөзмө стенддерин көрүп, бешинчи муундагы байланыш стандарттарынын уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрсө болот.

Белгилей кетсек, MegaCom мобилдик оператору 3-августта Кыргызстанда биринчи жолу 5G технологиясына тест-драйв жасаган. Анда түйүндү пилоттук түрдө ишке киргизүүдө маалыматтарды жөнөтүү ылдамдыгы секундасына 1,8 гигабайттан ашып рекорддук ылдамдыкты көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
agekifol
2023-02-06 07:39:00
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан