Самаркандан саман учту десе...

“Самаркандан саман учту десе, жоо чаап келатат” болуп соңку күндөрү маселенин чоо-жайын билип-билбей туруп эле каңырыш угуп алып көбүртүп-жабырткандар көбөйдү. Айтайын дегеним, акыркы убактарда Кыргызстан эгемендикке жеткен күндөн бери чуулгандуу ишке айланып келаткан алтын маселесинин тегерегиндеги айың-кеп, күбүр-шыбырлар. 2020-жылы "Кумтөр" менен канадалык "Центерра" компаниясынын тегерегиндеги кырдаалды жөнгө салуу, өлкөдөгү жаңы тоо-кен жана гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга жардамдашуу үчүн Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кыргызстанга келип, эң кирешелүү тармакты бир нече айлап эл аралык шылуундар менен соттошуп отуруп акыры утушка ээ болууга өз салымын кошкон Теңгиз Бөлтүрүктүн иш-аракеттери тууралуу болмокчу.

Теңгиз Бөлтүрүк деген ким? Буга чейин каякта жүргөн?

Алгач ушуга кыскача токтоло кетсек. Москвадагы “Болот жана эритмелер” институтунда “Түстүү металлдарды байытуу” адистиги боюнча инженерлик билимге ээ болуп чыккан Теңгиз Бөлтүрүк эмгек жолун ошол эле “Кумтөрдө” баштап, анан Германиядан билимин улап, андан соң Канадада бир топ жыл жашаган.

2010-жылы апрель революциясынан кийин Теңгиз Бөлтүрүк ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаевге “Кумтөрдүн” ичиндеги мыйзамсыз иш-аракеттерди жоюу жана Кыргызстанга пайда алып келгидей долбоорлору менен кайрылып, бирок андан эч оңдуу майнап чыгара алган эмес. Билсе да билмексен болгон ал бийлик өзүнүн жеке кызыкчылыктарын жогору коюп алган эле.

Октябрь төңкөрүшүнөн кийин “Кумтөрдү” улутташтырууга болгон аракеттердин натыйжасында, буга чейин элге таптакыр тааныш эмес Теңгиз Бөлтүрүк деген ысым пайда болуп, ошентип “Кумтөрдүн” башына сырттан башкаруучу катары дайындалды. Эми Теңгиз Бөлтүрүктү “өлкөнүн эң кирешелүү тармагын жетектеп бер” деп президент Садыр Жапаров да жөн жерден кайрылбаса керек. Анткени, өз ишинин майын чыгара аткарган адис өлкөгө абдан зарыл болчу.

Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдү” жетекчиликке алган күндөн бери тыным албай иштеп, мамлекетке пайдалуу бир топ иштерди жасады. Муну моюнга алышыбыз керек. Жөн гана ушак-айыңдарга ууланып олтура бербестен, ал аткарган иштерди четинен санасак;

2021-жылдын май айынан тартып “Кумтөрдөн” өлкө казынасына өткөн жылда эле 13,5 миллиард сом салык, тагыраагы 160 миллион доллар киреше алган. Бул деген салыктын жылдык планынан 50 пайыз жогору дегенди түшүндүрөт. Муну ал бар болгону 7 ай аралыгында так аткарып олтурат.

Эми 2022-жылдын январь айынан июнь айына чейинки 6 ай аралыгында Кыргызстан “Кумтөрдөн” 20,5 миллиард сом (246,6 миллион доллар) пайда көрдү. Азыр коомчулук арасында акыркы убактарда мугалимдердин, дарыгерлердин, маданий ишмерлердин жана мамлекеттик кызматкерлердин айлык маяналарынын кыйла жогорулап, коомдо таман акы, маңдай тер дегенди баалоо боюнча жылуу пикирдин жаралышы жөндөн жөн болуп калган жок. Казына какшып калганда бийлик башына келген Садыр Жапаров үчүн да оңой болбой атканда мамлекеттин мындан аркы тагдырын оң жолго бурууда өз салымын аянбай кошкон Теңгиз Бөлтүрүктүн да жасаган ак кызматын аңдаганга аракет кылсак.

Жөнү жок жерден эле ага асылып, баланча тонна алтын уурдалып кетиптир, “Кумтөр” мурдагы олтурган офисинен жаңы имаратка көчүп, ага асмандын башын төлөйт экен дей бербей. Ага да жакынкы аралыкта ”Улуу көчмөндөр мурасы” холдингинин үстүбүздөгү жылдын январь айынан берки жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк өзү жакынкы аралыкта бардыгын ачык айтып, эл алдында отчёт берет. Ал эле, бул эле деп апыртпастан анын аткарган иштеринин натыйжасы ошондо анык болор...

Муратбек Айдаров

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан