Бүгүн, 14-сентябрда Садыр Жапаров Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун күмбөзүнө барып гүл коюп, куран багыштады. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Самарканд шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 22-жыйынына катышуу үчүн келип, Ислам Каримовдун күмбөзү жайгашкан “Хазрати Хизр” комплексине барды.
Мамлекет башчысы Өзбекстандын биринчи президентинин мүрзөсүнө гүл коюп, куран окулду.
Хазрат Хизр мечити ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Самарканддагы уникалдуу байыркы эстелик болуп саналат. 2016-жылы мечиттин жанына Ислам Каримовдун сөөгү коюлган.