Килис шаарында жайгашкан Килис музейине саякат (фото)

SUPER.KG порталы Түркияга болгон саякатынын алкагында Килис шаарында жайгашкан Килис музейине саякат жасадык.

Эки кабаттуу Килис музейинин экспонаттары менен катар имараты да маанилүү болуп саналат. Анткени азыркы музейдин имаратында XVIII-XIX кылымдарда самын жасалган. Тактап айтканда, зейтинден самын чыгаруучу ишкана болгон. Музейдин биринчи кабатынан самынды кайнатуучу казандарды көрүүгө болот.

Имарат 2009-жылы реставрациядан өтүп, 2018-жылы имаратты музейге айлантуу чечими кабыл алынган. 2021-жылдын Октябрь айында музейдин эшиги көрүүчүлөрү үчүн ачылган.

Музейдин 1-кабатында Хатай шаарынын аймагында жашап өткөн империялардан калган археологиялык экспонаттар коюлган. Андан сырткары самын кайнатуучу казанды, иш процессин көрүүгө болот. Музейдин экинчи кабатында Селчук жана Осмон империясынан калган этнографиялык экспонаттар сакталган. Ал жерден кийим-кечек, идиш-аяк, курал-жарак сыяктуу баалуу буюрдарды көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан