Депутаттар "Азаттыктын" кеңсесин Ошто ачтырбоону сунушташты

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар эл өкүлдөрү "Азаттыктын" кеңсесин Ошто ачтырбоону сунушташты.

Алардын айтымында, бул коңшу өлкөлөр менен чектеш аймактардагы абалды курчутуп, келечекте улуттар аралык жаңжалдарга себеп болушу мүмкүн.

Демилгени биринчилерден болуп депутат Айбек Осмонов көтөрдү.

"Бүгүн эртең менен Ош шаарындагы тургундар митинг болот деп мага чалышты. Алардын айтымында, буга Ошто "Азаттыктын" жаңы филиалынын ачылышы себеп болуп жатыптыр. Эл каршы болуп жатат, анткени 2010-жылы Ош окуясында "Азаттык" бир тараптуу маалыматтарды тараткан деп жатышат. Келечекте Кыргызстан менен Тажикстан, Кытай чек араларында көптөгөн бут тосуулар болот. Мындан улам алар митингге чыгууну көздөп жатышат. Эми элдин үнү менен да эсептешип коёлу. Эгерде алардын айткандары чын болуп, мыйзам жол бере турган болсо анда элдин үнүн угуп, филиалды ачтырбаганга аракет кылалы", - деди ал.

Депутат Надира Нарматова эл өкүлүнүн бул сунушун колдоду.

"Мага да түнү менен телефон чалышты. Анткени ал жерде "Азаттык" кеңсесин кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде ачууга аракет кылып жатышыптыр. "Азаттыктын" мамлекетибиздин терс жактарын көрсөтүп келе жатканын тарых тастыктап турат. Ошондуктан улуттар аралык мамилеге чок салбай, элдин кыжырын келтирбей, мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирбей эле жаап койгон оң. Керек болсо ушу жерден деле жаап коюу ашыкча болбойт. Иштеп жаткан жерине шүгүр кылсын", - деди Нарматова.

"2010-жылы ушундай улуттар аралык кан төгүшүү учурунда "Азаттык" сыяктуу сайттар кырдаалды курчутуп жиберген. Мындайча айтканда, махаллаларга кирип, интервьюларды алып, бири-бирине каршы тукурушкан. Филиалды ачтырбоого укук коргоо органдары да таасирин тийгизсе деп эсептейм", - дейт депутат Шайлообек Атазов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан