Садыр Жапаров Ирандын президенти Сейед Эбрахим менен жолугушту

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Иран ислам өлкөсүнүн президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Анда өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда иран президенти Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырган. Жапаров чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Сейед Эбрахимди өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан