Сурабалдиева таштанды полигонуна депутаттар келерде "өзгөчө" тосуп алышарын айтты

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы таштанды полигону боюнча маселе көтөрдү.

"Бишкектеги таштанды полигонуна качан депутаттар, шаар мэри өңдүү аткаминерлер келерде түтүнүн өчүрүп, баары жакшы, эч кимди уулаган жокпуз деп узатышат экен. Алар кеткенден кийин кайра түтөп, ошол жактагы эл куурап жатат. Таштандыны кайра иштетүүчү завод салынат деп ар бир келген мэр убада берип келет", - деди Сурабалдиева.

Эске салсак, 10-сентябрда “Элдик” депутаттык тобу Бишкек шаардык таштанды полигонунда көчмө жыйын өткөрүп, борбор калаанын экологиясына жана шаар тургундарынын ден соолугуна терс таасир тийгизип жаткан жагдайды чечүү маселесин жеринде талкуулашкан.

Анда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы таштандыны рекультивациялоого жана жаңы полигон курууга 22 миллион евро бөлгөнү, бирок эч кандай жумуш жасалбагандыгы айтылган. Ал эми 22 миллион евронун кайда коротулганын иликтеген депутаттык комиссия да бул жаатта олуттуу мыйзам бузуулар бар экенин айтып, керектүү маалыматтарды толук изилдеп чыгуу зарылчылыгын кошумчалаган.

Эльвира Сурабалдиева Бишкектеги таштанды полигону боюнча маселе көтөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан