"Мага лекция окубай эле коюңуз!" Сурабалдиева менен Самыйкожо кайым айтыша кетти (видео)

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында мугалимдерди мазактаган окуучулардын ата-энелерине айып салуу боюнча мыйзам долбоору талкууланууда. Анда эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Мирлан Самыйкожо менен кайым айтыша кетти.

Сурабалдиева демилгенин ниети жакшы болгону менен механизмдери туура эмес экендигин белгилеп, мугалимдерди коргойбуз деп балдарды басынтып албайлы деген пикирин айтты.
Ага Мирлан Самыйкожо мыйзамдын механизмдери так экендигин белгилеп, мындай чаралар аша чапкан учурда гана колдонуларын билдирди.
"Мугалимдердин статусун көтөрөлү деген максатта бул мыйзамды демилгелеп жатабыз. Мыйзамда одоно деле эч нерсе жок. Батыштын саясатын колдобошубуз керек. Ачык эле айталы, ар кимге ар кандай билдирүүлөр келип калууда, балдарыбыздын укугу корголбой калат, андай-мындай деген өңдүү" деп, андан соң төрт сап ыр менен да жооп берди:
Балдардын келечегин ойлогула,
Билимге анча тозот койбогула.
Мугалимдин кадырын ойлобосок,
Маңкурттардын максатын колдогула.
Мындай билдирүүсүнө Эльвира Сурабалдиева кесиптешинен ага лекция окубашын талап кылды.
"Урматтуу Мирлан мырза, сиз мага лекция окубай эле койсоңуз болот. Батыштын саясатына чейин кирип кеттиңиздер, алар батыштын эмес, Кыргызстандын баласы. Биз алсыз делген бала тарапта болушубуз зарыл. Жакында ушундай ниет менен зордук-зомбулукту токтоткон мыйзам келе жатат. Ошондо кимдин кандай бузуку саясаты бар, ой-пикирлери кандай экендиги көрүнөт. А бул мыйзамды кийин ызы-чуу болгондо артка кайтарууга туура келет", - деди ал.



Сурабалдиева менен Самыйкожо кайым айтыша кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан