Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Мирзийоев менен жолугушту

Бүгүн, 15-сентябрда президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолугушту. Бул тууралуу президентик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Буга байланыштуу Өзбекстандын президенти биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу ишин ийгиликтүү баштаган Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Шавкат Мирзийоев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча үч тараптуу макулдашуунун түзүлгөнүн канааттануу менен белгиледи. Тараптарга пайда алып келе турган бул масштабдуу долбоорду активдүү ишке ашырууга өзбек тараптын кызыкдар экени айтылды.

Мындан тышкары, Өзбекстандын лидери эки өлкөнүн энергетикада, анын ичинде ири долбоорлорду ишке ашыруудагы кызматташуусун тереңдетүүнүн, ошондой эле эки өлкөнүн региондорунун, өзгөчө чек арага жакын облустардын жана райондордун ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Садыр Жапаров өзбек кесиптешине меймандостугу, өзбек тараптын Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалыгы астында иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Саммитти даярдоонун жүрүшүндө Самаркандда жүргүзүлүп жаткан масштабдуу жаратмандык иштерди белгиледи.

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамилеси барынан мурда тыгыз тарыхый, маданий жана руханий байланыштар менен шартталганын белгиледи.

«Биз элдерибиздин ортосундагы достукту, биримдикти жана бир туугандык байланыштарды ар дайым баалайбыз жана колдойбуз. Бул биздин жалпы мурасыбыз. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын жакын коңшулар, бекем достор жана стратегиялык өнөктөштөр», - деди ал.

Ошондой эле президент кыргыз тарап транспорттук-транзиттик тармакта, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча да өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мамлекет башчылары “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун жана Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорлорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту. Бул жана башка долбоорлорду тез арада ишке ашыруу эки өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын өнүгүүсүнө өбөлгө болорун белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан