Пакистандын премьер-министри Садыр Жапаровду Исламабадга чакырды

Бүгүн, 15-сентябрда президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 22-жыйынынын алкагында орун алды.

Анда лидерлер эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы соода, инвестиция, энергетика, өнөр жай, билим берүү жана медицина тармагында кызматташууну кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал Шахбаз Шариф менен жолугушуу эки өлкөнүн саясий кызматташтыгын активдештирүү үчүн жакшы негиз түзүп, кыргыз-пакистан мамилелеринин өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Пакистандын премьер-министри көптөгөн курмандыктарга алып келген соңку масштабдуу суу ташкындарына байланыштуу Пакистан элин колдоосу жана тынчсыздануусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пакистандын премьер-министри айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды камсыз кылуу үчүн бардык өлкөлөр менен, анын ичинде Борбордук Азия чөлкөмү менен дагы да максаттуу иштерди жүргүзүүнү сунуштады. Ошондой эле ал Садыр Жапаровду Исламабадга келип кетүүгө чакырды. Садыр Жапаров чакырууну ыраазычылык менен кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан